Балбан Айсулуу Тыныбекова финалда утулуп, Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

6-майда Катардын Доха шаарында күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) Азия чемпиондугу старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө 5 салмак категориясында чемпиондор аныкталды. Кубандырганы - бул күнү кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, алгачкы медалды Айсулуу Тыныбекова утту. Ал 58 килограмм салмакта финалга чыгып, Япониянын өкүлү, акыркы 3 Олимпиада оюндарынын чемпиону Каори Ичого каршы турду. Анда алгачкы 3 мүнөттө япониялык спортчу 10 упай алып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. А.Тыныбекова күмүш медаль тагынды.

Алтын медалды уландар арасында 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев багындырды. Дагы бир күмүш медалды 57 килограмм салмакта Самат Надырбек уулу өз эсебине жаза алды. Спортчу финалда Монголиянын өкүлү Эрденебат Бехбаярга каршы туруп, утулуп калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dadasdasd
2015-05-07 05:34:58
Ой аззамат. Келечек алдыда.
0
ulan_rysbaev
2015-05-07 05:52:14
Финалга чыгуунун озу эле жениш эмеспи! Япония эли да айтып журот ар дайым. Кыргызстан мындай эле мамлекет эмес экенин. Атак барго... Азамат Айсулуу!
+1
kama_future_millioner
2015-05-07 08:31:16
Айсулуубуз дайым күмүшкөө жетет бул да болсо жетишкендик бир күн бул кызыбыздаа алтын алып келет
+3
beka88
2015-05-07 09:56:09
ийгилик Айсулуу шугур ушул жагына да!!!
0
abai
2015-05-07 21:47:23
Raxmat! silerge myndandA jakwy iygilik jaratkyla
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан