Кыргыз боксчулары 13-майдан 23-майга чейинки аралыкта Казакстандын Алматы шаарында машыгуу сборунан өтүшөт. Машыгуу сбору жыйынтыкталганда мушкерлер Советтер Союзунун Баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдешке катышат (мелдеш 23-29-май аралыгында өтөт).
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мушкерлердин машыгуу сборуна жана мелдешке катышуусуна Олимпиадага даярдоо борборунун бюджетинен 760 миң сом бөлүндү. Адылхан Бекболотов машыктырган курамга Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Рахманкул Аватов (49 кг), Абдувахаб уулу Канат (64 кг), Бек Камчыбеков (56 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Каныбек уулу Азамат (75 кг), Александр Панарин (81 кг), Сергей Паренко (91 кг), Чингис Борбашев (91 кг), Болотбек уулу Эркин (69 кг) сыяктуу мушкерлер кирген.