Токтогул районунда унаа сууга түшүп кетип, айдоочусу каза болду
Токтогул
районундагы Ак-Тектир айылынын Узун-Акмат суусуна Ауди-100 унаасы кулап түшүп, аталган айылдын 1991-жылы туулган Эргешбай уулу Сейитбек аттуу тургуну каза болду. Кырсык 6-майда саат 01:00 чамасында болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.Ал эми каза болгон жаран суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.