Ош шаарындагы өзбек тектүү калк жашаган аймакта калпак кийген 12 чет элдик жаран кармалды

Ош шаарындагы өзбек тектүү калк жашаган аймакта калпак кийген 12 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-май күнү саат 21:00 чамасында милицияга шаар тургуну кайрылган. Анда ал калпак кийген белгисиз адамдар ар бир үйдүн эшигин каккылап, кооптуу абал жаратып жатканын айткан. Айтылган жерге дароо милиция кызматкерлери барышып, христиан-протестанттардын “Маданий жана каада-салт” коомдук фондунун 12 мүчөсүн кармашкан. Алардын бешөө АКШнын, үчөө Канаданын, экөө Украинанын жана Корея, Швециянын жарандары экени аныкталган.

Алардын айтымдарында, 29-апрель күнү Бишкек-Ош аба каттамы аркылуу келишип, Баткен шаарына өздөрүнүн миссионердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана улуттук каада-салттар менен таанышуу максатында барышкан. Андан соң Ош шаарына келишип, Фергана көчөсүндөгү бир-эки үйгө кирип кетүүнү чечишкен. 

Учурда алардын чыныгы максаттары иликтенүүдө.

Айта кетсек, 5-май күнү “Ош шаарындагы аэропорттун аймагында кыргыз-өзбек урушун чыгаруу үчүн 500 сомдон таратып жатат” деген маалымат тараткан эки аял кармалган. Алардын айткандары жалган экендиги аныкталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
bom.bon
2015-05-07 14:31:48
США дан ар баляя кутсо болот.тезирек кошулсак экен Т.Сга орустар тазалайт эле жана коркунуч аз болот эле!
+3
Aidar.001
2015-05-07 15:01:17
Болбогон созго дурболон салып кереги жок.
+1
suiuktuujar
2015-05-07 15:07:17
Журокту тушургон эле жанылык кайда барба аллах озу сактасын.
0
nazikerbol
2015-05-07 15:44:03
Кудай сактасын, ошон учун эл эле которулбой болунуп жарылбай койсо эч ким эч нерсе кыла албайт ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
Boldukan86
2015-05-07 16:04:02
тообаа. ХХХ ХХХ ХХХ... аха Кудайым эле сактасын аллах берген омурду жашап отолу.
+1
АйАй
2015-05-07 16:53:40
Каримовго окшоп ошол кармалган туристтерди ХХХ ХХХ ХХХ. А биздин милициядагылар ач карышкырларда, кичине доллардын чекесин корсотсо, чын эле урп адаттар менен таанышканы келиптир деп чыгарып коюушат . Даже иликтебей((((
+1
Gsuita
2015-05-07 21:39:12
ООба ХХХ ХХХ ХХХ... окшойт го.
0
Gsuita
2015-05-07 21:40:27
Деги жергебизде тынччылык болсо экен.2010-жылдагы согушту унута элекпиз дагы деле,кудай сактасын!!!!
-1
kama_future_millioner
2015-05-07 22:55:11
Тынч болгула кыргызым
0
kadamjai90
2015-05-08 00:04:41
Баары учунчу кучтун иши. Тынчтык болсун. Бул быррактын ишигоо дейм
0
killer-star
2015-05-08 00:12:33
Ошу ХХХ ХХХ ХХХ...
0
malika14
2015-05-08 00:39:41
Munun baary amerikanin kilip jatkani otkondo jyk keldi ele oshonu emnege tekshertpedi bul jerde bir nerse bar . Allahim kyrgyz elimdi jamandiktan asrasin.
0
admin_portal
2015-05-08 10:06:13
killer-star, Gsuita, АйАй, Boldukan86, nazikerbol, AFRODITA-89, kyrgyzka96, Amantur., hairullo, kg.oruk-zar, M89, sezimai93 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Дагы кайталанса сайттан узак убакытка четтетилесиңер.
0
aske2012
2015-05-08 14:09:11
Корупогула биз бирдиктүү болсок алардын колунан не келмек болунбой бийилк менен бир болсок баары жакшы юолот биздин интернетте тундук тушутук болуп болуп урушканыбызды окуп алар оной эле деп ойлоп калат ошон учун ошондойду озубуз токтотушубуз керек келечек учунда
0
Janybek.
2015-05-08 16:39:09
дeги тынч элe бололучу биз ошо озбeк мaхaлядa жaшaйбыз aзырынчa тынч Т.С гa кошулсaк кымбaтчылык болот дeйт кымбaтчылык болсо дa тынч жaшaйт болчубуз согуш болуп кeтсe aндaн дa кымбaтчылык болбойбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан