Кыргыз футболчулары Өзбекстандын олимпиадалык курамасы менен 2:2 эсебинде тең ойношту

Өлкөнүн 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы жаштар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу туруна даярдыгын улантууда. Ташкент шаарында даярдык көрүп жаткан футболчуларыбыз кечээ, 6-майда Өзбекстандын олимпиадалык курамасы менен экинчи жолдоштук беттешин өткөрдү. Анда 2:2 эсеби катталды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдады.  
Маалыматка ылайык, алгач Миржамол Касимов оюн эсебин ачып, үй ээлерин эсеп катыштыгында алдыга чыгарды. Экинчи таймда кыргыз футболчулары Кайрат Жыргалбек уулу менен Акрам Умаров катары менен айырмаланып, кыргыз өлкөсүнүн алдыга чыгуусун шартташты. Өзбек футболчуларынан Жавохир Сиддиков оюндагы акыркы голду киргизди. Ошентип, беттеш 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.  
Кошумчалай кетсек, 2016-жылы өтө турган жаштар арасындагы Азиянын чемпиондугунун тандоо туру 16-24-май аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Кыргыз мамлекетинин жаштар курамасы жайгашкан “В” тайпасында Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистан курамалары бар. Ал эми Өзбекстандын жаштар курамасы Жаңы Зеландияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына даярданууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uran98
2015-05-07 12:06:37
кыргызстанга да келип ойн0п кетишебф озбектер
0
kama_future_millioner
2015-05-07 12:08:46
Болот экенгоо
0
XAH.
2015-05-07 21:32:28
Стадиону биздикинен да зынк экен го
молодецтер жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан