7-майда Катарда күрөш боюнча өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары Магомед Мусаев
менен Эламан Догдурбек уулу кыргыз мамлекетинин эсебине кезектеги медалдарды алып келишти. Бул күнү кыргыз спортчулары жалпысынан 4 салмакта күчтөрүн сынашты. Алардын ичинен
Адилет Маматаев (61 кг) жана Муслим Евлоев (74 кг) коло медаль үчүн беттештерин уттуруп жиберип, 5-орунду ээлеп калышты. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 97 килограмм салмакта Магомед Мусаев финалда ирандык Мохаммадхоссейн Аскари Мохаммадиан менен кез келди. Анда 6:3 эсеби катталып, ирандык балбан чемпион аталса, М.Мусаев күмүш тагынганга мажбур болду. Ошондой эле алгачкы беттешин уттуруп жиберген кыргыз балбаны Эламан Догдурбек уулу (70 килограмм салмакта) коло медаль үчүн кармашта атаандаштарын утуп, 3-орунду камсыздай алды.