Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт болгон.
Талас шаарында мончонун 15 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгышына мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.