Катар мамлекетинин Доха шаарында эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 8 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында командалык эсепте байге ээлери аныкталып, 7 салмакта күрөшкөн кыргыз мамлекетинин улуттук курамасы 3-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбандарынын эсебинде 4 медаль бар. Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта алтын, Магомед Мусаев 97 килограмм салмакта күмүш, Самат Надырбек уулу 57 килограмм салмакта күмүш тагынышты. Ошондой эле Эламан Догдурбек уулу 70 килограмм салмакта коло медалды багындырды.
Командалык эсепте бул көрсөткүчтөр менен кыргыз мамлекетинин улуттук курамасы 54 упай топтоп, коло кубокко ээ болду. Алдынкы эки орунду Иран (68 упай) жана Япония курамалары багындырышты (60 упай).