Баткенде мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын 7 жараны кармалды

Баткенде мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын 7 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-май күнү Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 7 адам кармалган. Алар Өзбекстандын Фергана жана Наманган облустарынын тургундары болушкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
talant87
2015-05-08 16:32:16
койберип салат акжол силерге деп
+1
bom.bon
2015-05-08 16:56:43
Ушул акмактарды деп уурулар кобойуп жатат!керкидан айылынан 1 айда 28мал урдалды ким экени белгисиз.бирок озбекстанга отуп жатканы анык.камап ушуларды сурака алышса кылмыштын бир учу ачылмак койуп жибербей!
+3
KGstan81
2015-05-08 19:59:14
bom.bon,Меним тага журтум Керкидан айылы болот сен Керкидандансынбы
0
uragan007
2015-05-08 22:54:57
bom.bon, Ленин айылынан да 10-12мал уурдалды. уурдалган малдардын изи озбекстанбын чекарасына барган. толотуш керек ушул тутулган озбектерге. арам тамак тешип чыгат гооооооо.
0
Bors
2015-05-08 20:40:18
Бул озбек жигитер ууру эмес булар уста балдар болушу мумкун, жылда ушул маалдан баштап алар Кыргызстанга фундамент дуал кыскасы устачылык кылып иштегени чыгышат. Алар да уй було багам дер жургон карапайым адамдар, мен ошолорго ишенип журом уйго уста салам деп алар арзан баада анан качествосун жакшы кылышат. Мисалы бундаменттин кубун 650-700 сомдон куюшат а биздин кыргыздар 1100-1200 дон куйат.
0
Eldos-kg
2015-05-10 01:14:13
анда мыйзамсыз бузуп отбойт да. Алар мыйзамсыз оттубу демек душман болот!
0
gitaris93
2015-05-10 02:27:34
Устачылык кылабы башка кылабы биздин чегарачылардан акча менен эле өтүп кетишчү эле буларда акча жок окшойтда кармалганына караганда. Акчасы болсо кыкен мен сени көрбөдүм сен мени көрбөдүң деп эле өткүзүп салмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан