Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад шаарында тазалык акциясы өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын
вице-мэри
Т.Темирбаев, шаардык мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети, шаардагы бардык жогорку, орто окуу жайларынын студенттери
жана жооптуу мугалимдер катышты. Акциянын алдында студенттерге атайын
акыр-чикир топтоочу баштыктар жана кол каптар, суусундуктар таратылды.
Мэриядан кабарлашкандай, акция 9-Май майрамына карата Жалал-Абад шаарынын жаштарынын атынан согуштун ардагерлерине тазалыкты белек кылуу максатында уюштурулду. Бул иш-чара жаштар тарабынан сунушталып, ишке ашырылды. Чогулгандар "Курорт" санаториясынан баштап "Эркиндик" аянтына чейинки жайды акыр-чикирден арылтышты.