Европа Лигасынын жарым финалында "Севилья” футболдук клубу “Фиорентинаны” ири эсепте утуп алды

“Севилья” (Испания) – “Фиорентина”3:0

Голдор: Видаль (17-мүнөттө, 52-мүнөттө), Гамейро (75-мүнөттө).  

 

“Наполи” (Италия) – “Днепр”1:1

Голдор: Давид Лопес (50-мүнөттө), Селезнёв (81-мүнөттө).  

8-майга караган түнү УЕФАнын Европа Лигасынын алгачкы жарым финалдык беттештери болуп өттү. Анда чемпиондукка башкы талапкерлердин бири “Наполи” клубу өз үйүндө украиналык “Днепр” клубун кабыл алып, анда 1:1 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Украиналыктардын голун өз эсебине жазган Селезнёв офсайд абалында болгон деген нааразычылыктар айтылууда. Эми “Наполи” 14-майда Киевде өтө турган жооптук оюнда күчүн дагы бир ирет сынамакчы.  

Жарым финалдагы дагы бир жуптук “Севилья” менен “Фиорентина” күйөрмандарга мыкты оюн тартуулап берди. “Фиорентинанын” оюнчулары мыкты мүмкүнчүлүктөрүн голго айландыра алышкан жок. Бул жагынан “Севильянын” оюнчулары жолдуу чыгып, 3 гол киргизишти. Жооптук оюн 14-майда Флоренция шаарында өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан