Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында жана жалпы эле республиканын аймагында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган спорттук мелдештер өтүүдө. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондогу кыргыз күрөшү боюнча мелдеш Советтер Союзунун Баатыры
Самат Садыковдун жаркын элесине арналган. Жааган жаанга байланыштуу күйөрмандар күрөштүн токтоп каларын айтып, тынчсызданып жатышкан. Бирок жаан жааганына карабай балбандар көк шибер үстүндө күрөшүштү. Алардын чөп үстүндө күрөшүүсү балбандарга даярдалган күрөш килеминин суу болуп калганы менен байланыштуу эле.
Мелдештин расмий ачылышында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Улукбек Марипов президенттин куттуктоосун окуп, президенттин фондунан бөлүнгөн каражатты уюштуруучуларга тапшырды. Андан соң ЖКнын депутаты Жусупали Исаев жана ички иштер министри Мелис Турганбаев сөз сүйлөштү.
Кошумчалай кетсек, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 320 спортчу катышууда. Анда 3 салмакта (75 килограмм, 90 килограмм, 90 килограммдан жогорку салмакта) чемпиондор аныкталат. Баш байгеге Мерседес үлгүсүндөгү унаа коюлган.