Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Боз-Тери айылында көл жээгинде 1000 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери учурда такталууда.