Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-май күнү саат 20:30 чамасында болгон. Анда 1997-жылы туулган Гусейин Калышев Хонда CRV унаасы менен келе жатып жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу унаага кыпчылып каза тапкан.