Кара-Суу районунда кой кайтарып жүрүп жоголуп кеткен 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-май күнү саат 16:30 чамасында Октябрь айылынын тургуну, 2006-жылы туулган Абубакир Сүйүнов кой кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. Кечээ, 10-май күнү саат 17:00 чамасында Савай каналынан Сүйүновдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылды.