Өткөн суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1 жана Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы болгон. Өрттөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анын кесепетинен үй ээлери Л.В. жана Л.М. денесинен жаракат алышып, борбордогу Травматология жана ортопедия борборунун күйүк бөлүмүнө жеткирилди.