Автотранспортторду каттоодо коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлери мыйзамды бузуу менен жүк ташуучу унааны жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус катары каттоодон өткөрүшкөн. Мындан улам мамлекетке 9 миллион 103 миң сом зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.