Бишкек шаарынын 3 тургуну тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Медеров көчөсүндө белгисиз балдар сабап, уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 3 тургуну кармалды.