Олимпиадалык кураманын футболчулары Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышуу үчүн жөнөп кетишти

23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курама бүгүн, 12-майда Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Мирлан Эшенов машыктырган курам 16-20-май аралыгында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо турунда “В” тайпасында оюн өткөрөт. Тайпадагы атаандаштар Кувейт, Иордания жана Пакистандын олимпиадалык курамалары. Тайпада Түркмөнстандын командасы жүйөлүү себептерден улам мелдешке катышуудан баш тартты.

Оюндар төмөнкү тартип менен өтөт:

16-май

Кувейт – Кыргыз Республикасы

18-май

Кыргыз Республикасы – Иордания

20-май

Кыргыз Республикасы – Пакистан

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot...kg
2015-05-12 12:53:03
Ийгилик жигиттер!
Алга кыргыз!
+2
uefamif
2015-05-12 12:58:58
Ийгилик силерге, силер кучтуусунор жигиттер бош келбегиле! Алга Кыргызстан!!!
+2
kadamjai90
2015-05-12 13:04:18
Алга жигиттер. Утуп келгиле Утуп келсенер менден чооон белек. Бар
Ийгилик.
+2
Urmat-1989
2015-05-12 22:21:49
Ийгилик жениш мн келгиле
0
XAH.
2015-05-13 13:40:38
Админ жергиликтүү тв корсөтпөйт бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан