Жалал-Абад облусунда жеңил унаа Кара-Суу дарыясына түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 11-май күнү саат 16:20 чамасында Кара-Көл шаарына жакын жерде болгон. Анда Вольво үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен. Анын кесепетинен 47 жаштагы айдоочу жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген.