Бүгүн, 12-май күнү Бишкек шаарынын Надежда Хохлова аттуу тургуну "Фейсбуктагы" өзүнүн баракчасына маалымат калтырган. Анда белгисиз адамдын кичинекей баланы чечинтип, өпкүлөп жаткан жеринен кармалганы жазылган. Ошондой эле Надежда Хохлова калтырган маалыматта кармалган адамдын молдо экени жана ал ушундай жол менен кичинекей баланын суу чечек оорусун (ветрянка) дарылап жатканы айтылган.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда: “Окуя 11-май күнү Бишкектеги кичи райондордун биринде болгон. Шаар тургундары кармап алышкан адам кичинекей баланын жездеси. Ал эч кандай жаман нерсе кылбаганын жана окуянын андай болбогонун айтууда. 10 жаштагы бала жездеси, атасы, эжеси менен бирге турат. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп билдиришти.