Жеңиштин 70 жылдыгына арналган көк бөрү мелдешин Чүй облусунун “Сары-Өзөн” командасы жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда 1-орунду “Сары-Өзөн” командасы (Чүй облусу) ээлеп, 500 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды. Ал эми 2-орунду “Достук” командасы (Ош облусу) багындырып, 300 миң сомго ээ болду. 3-орунду ээлеген “Талас” командасына (Талас облусу) 200 миң сом ыйгарылса, 4-орун бишкектик “Бөрүлүгө” тийди (100 миң сом байге). Ошондой эле 5-орунга атын жазган ИИМдин командасына 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.