Өзгөн райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Өзгөн райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-май күнү Башкы прокуратурага М.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Өзгөн райондук сотунун судьясы козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 500 доллар сурап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган судья 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
abdyldaeva
2015-05-12 18:05:12
Деги кимге ишенишинди да билбейсин.
0
kama_future_millioner
2015-05-12 20:26:31
Сотторубуз оңолбой койдуда эч эле
0
edil.kg
2015-05-13 12:09:16
сотторду пара албасын деп айлыктарын кобойтту эле булар кайра эле дагы тойбой калдыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан