"Дордой" футболдук клубунун жана улуттук кураманын чабуулчусу Мирлан Мурзаев киргизген голдорунун санын 100дөн ашырып, Алмаз Чокморов атындагы бомбардирлер клубуна кошулду. Аталган клубга улуттук курам үчүн жана жергиликтүү клубдар үчүн жалпысынан 100дөн ашуун гол киргизген футболчулардын ысымдары киргизилет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, М.Мурзаев 6-майда Өлкө Кубогунда “Живое пиво” клубунун дарбазасына 2 гол киргизип, голдорунун санын туура 100гө жеткирген. 25 жаштагы футболчу 10-майда ТОП-Лиганын алкагында “Кейжи Юнайтед” клубуна дагы 3 гол киргизди.
Кошумчалай кетсек, Алмаз Чокморов атындагы клубга жалпысынан 17 футболчунун ысымы киргизилген. Тизмени 268 голу менен Замирбек Жумагулов жетектейт.