Непалда бүгүн да эки ирет катуу жер силкинип, каза болгондордун саны өсүүдө

Бүгүн, 12-майда Непалда түшкө жакын кайрадан эки ирет жер катуу силкинди. Зилзала саат 12:45те өлкө борбору Катманду менен Эверест тоосунун ортосунда катталып, күчү 7,4 баллга жетсе, андан 30 мүнөт өткөн соң Катмандуда күчү 6,3 баллга жеткен силкинүү кайталанды. 
Зилзаладан бери дегенде 42 адам каза болуп, 1100дөн ашуун адам жаракат алганы айтылды. Кырсыктын таасири өлкөнүн 26 районунан сырткары Индия, Ооганстан жана Бангладеш мамлекеттерине да жеткен. Ал эми Индиянын чыгыш тарабындагы Бихар штатында бир нече адам жаракат алып, 10 адамдын жансыз денеси табылды.  
Учурда бир катар мамлекеттер куткаруу иштерине көмөктөшүп, ошол эле учурда гуманитардык жардамдарын жеткирүүдө. Кыйроолор көп болгондуктан, жалпы жонунан каза болгондордун саны өсүүдө. Миңдеген жергиликтүү тургундар жердин силкинүүсү кайрадан кайталанабы деген коркуу сезим менен көчөдө баш калкалоого аргасыз болушууда. 
Айта кетсек, бул өлкөдө 25-апрелде да күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 8 миңге жакындап, жаракат алгандар 18 миңге жетти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
soccer_boy95
2015-05-12 21:49:17
Кудайым кырсыктардан сактасын..
+5
Janyl-aiym
2015-05-12 21:51:38
Кудай сактасын. Адам затынын пейили да озгоруп баратат да кудайдын каарына калып...
+9
Patriot...kg
2015-05-12 22:27:11
Көңүл айтам
+3
Suma9
2015-05-12 23:17:35
Алланын буйругу пендеси эч каршы чыга албайт экенбиз.
+5
Nurlankg92
2015-05-13 00:59:10
Сактай кор кудай.
0
naaazka
2015-05-13 10:10:46
адамдардын пейилине жараша болуп жататда кудайым озун сактай кор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан