Футбол: Чемпиондор Лигасында "Барселона" "Баварияга" утулганына карабай финалга чыкты

Чемпиондор Лигасында испаниялык "Барселона" футбол клубу конокто германиялык "Баварияга" 3:2 эсебинде утулганына карабай финалга чыкты. Оюндун башталганынан 6 мүнөт өткөндө машыктыруучу Хосеп Гвардиоланын оюнчулары эсепти ачышты. Каталондуктар бул голго Неймардын аракети менен жооп беришти. Ошол эле Неймар 29-мүнөттө "Бавариянын" дарбазасына экинчи топту киргизип, командасын алдыга чыгарды. 2:1 эсеп менен жарым финалчылар танаписке чыгышты.

Экинчи таймда "Бавария" гол киргизүүгө катуу аракеттенди. Жыйынтыгында Левандовски жана Мюллер эки голду киргизүүгө үлгүрүштү. Ошентип, германиялык команда бул оюнда 3:2 эсебинде утса да, мурунку оюндагы эсептер боюнча финалга "Барселона" өттү.

Голдор: Бенатиа, 7 (1:0). Неймар, 15 (1:1). Неймар, 29 (1:2). Левандовски, 59 (2:2). Мюллер, 74 (3:2).

Эскерте кетсек, биринчи беттеште "Барселона" "Баварияны" 3:0 эсеби менен утуп, финалга чыгуусуна болгон мүмкүнчүлүгүн бир топ арттырып койгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
meder.aralbekov
2015-05-13 14:07:32
Барса

0
warsaw.
2015-05-13 15:29:36
барса чемпиооооон
-1
312-banda
2015-05-13 15:47:56
Реал чемпиоооон
-5
mirbek2211
2015-05-13 15:57:43
Буйруса жакшы финал корот окшойбуз
+3
Erkekterdin-erkegi
2015-05-13 16:16:18
эль классиколордун эль классикосу болот
0
mister
2015-05-13 16:35:56
Бугунку реал-ювентус оюнун коруш керек. Ювентуска ийгилиик...
0
Patriot...kg
2015-05-13 16:54:14
Реал алга! Реал чемпиооооон!
Укмуштудай эль классико болот окшойт
-1
PAUK
2015-05-13 17:47:13
Реал алга!
-1
st1m_
2015-05-13 18:33:51
Абдан окунучтуу Бавариянын защитасы ойнобой койду да эки оюнда тен.
0
Hernandez
2015-05-13 23:09:20
Барса чемпион
+2
Maks_shop
2015-05-14 03:29:09
Финалда барса менен кайсы команда ойнойт
0
goodman02
2015-05-14 10:00:11
Maks_shop,Ювентус
0
Diana92kg
2015-05-14 16:22:09
Финалда Барса менен Ювентус ойнойт. Барсага ийигилк!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан