Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары мамлекетке 7,5 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылы суу түтүктөрүн оңдоо үчүн тендер өтүп, мамлекеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. Тендердин жүрүшүндө кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы жеңүүчү аталган. Бирок ушул күнгө чейин 7,5 миллион сомдук суу түтүктөрү орнотулган эмес. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.