Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү жана кармалган адам кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди

Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү жана кармалган адам кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чек ара кызматынан бидиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 12-май күнү Баткен районундагы Какыр тилкесинде болгон. Анда Кыргыз Республикасынын үч жараны Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаа менен Өзбекстандан жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Анын кесепетинен 1993-жылы туулган Махмуджан уулу Мансур каза таап, 1991-жылы туулган Махмуджан уулу Шумкар кармалган. Ал эми үчүнчүсү качып кетүүгө үлгүргөн. Бүгүн эртең менен өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү жана кармалган адам кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
beka88
2015-05-13 09:05:16
бизде озбектер кенен чонон эле жыргап журушотго,биздин куч оргондар неге карашбайт ошолорду, биздин солдаттар атышса кайра солдатты жоопко тартышат бийликтегилер,жаткан жери жайлууу болсун!!!
+12
tairermatov
2015-05-13 09:16:10
Ит аткандай озбек адам атканбы?
Кыргыз атуу оюн болуп калганбы?
Каалашынча озбек тажик аткылап.
Кыргыздардын кор болгону жалганбы?

Чондор кайда? маселени чечпейби?
Шайлаган чон адал иштеп бербейби?
Акча бийлик байлык учун курошпой.
Аз болсо да эмгек жасап кетпейби?
+47
myshka406
2015-05-13 09:41:29
tairermatov,азаматсын, баарыбыздын журогубуздогу создорду келиштирип жазыпсын.
+1
manas93kg
2015-05-13 09:41:56
tairermatov, биздин чондорго ыйлап айтсан да кулуп айтсан да кенебейт! Атамбаевдин айткан созу эстен кетпейт! Баткендик бироо суроо узаткан чек ара маселесин чечип берсе десе Атамбаев Бишкеке неге келесинер ошол жакта мекендебесенер ал жакта ким калат деп болбогон соз суйлогон! Чек араны бекем чечип коюп анан достойно суйлош керек да!
+12
zman53
2015-05-13 09:47:44
tairermatov,азаматсын! Ушул ырды чиновниктер окуса жакшы болот эле.
+1
aika1405
2015-05-13 10:12:09
tairermatov, соз жок,абдан таамай создор айтылган.
+1
Bors
2015-05-13 13:26:34
tairermatov, Мындай окуялар толтура ал жакта канчасы машинелерин алдырып койгондору бар. Себепсиз атышпайтта. Биздин солдаттар да аларды жаман кылышат биздин солдаттарды коргондо жаман эле болот озбек жарандарыда калчылдап.
+4
vip13
2015-05-13 17:57:31
tairermatov, биринчиден биз кыргыздар озбекче таджикче суйлобой так таза кыргызча суйлошубуз керек. биз озубуздун улуттубузду озубуз сыйлабасак, аны ким сыйлйат!!! Элдин бары чуйго кочуп келип алышса уй-жайын таштап, албетте таджиктер менен озбектер туштукто баш которот ,,,,,
0
zarbaliktik
2015-05-13 22:18:16
Vip13 Кайсы бийлик болбосун баары элэ чуйго шарт тузуп берип койсо келет да. Ушунча жэр жаттыго жапайы чоп басып. Баткендиктер когортуп койду жаманбы? Баткенге чуйдой конул болушсун сурансан да келбейт.
0
vip13
2015-05-19 19:32:21
zarbaliktik, Мамлекет элге качан шарт тузуп берчу эле ??? Эл оздору оздоруно шарт тузуп жашап атышат, керек болсо эл мамлекетке багып атат!!!
0
talant87
2015-05-13 10:05:00
бизде салдатарга атпайсынарбы десен жок жок мен камалгым келбейт дейт
+7
kirgizstan
2015-05-13 12:54:42
Озбекстандык кыргыздарга турмушка чыккан кыздарыбызга жаман кыйын болду чыгышта проблема кириш да проблема дагы жакшы кичине объезд жолдор ачылып
+1
jarkyn_jakta_jasha
2015-05-13 13:04:24
АША Каримовдун жинине тийип койду да дагы кооп корсотот .Ошондуктан элдер озу кам коруш керек бийликке ишенбей. Сатыкка кордук жок дегендей Кучтуу мамалекет слабый мамлекетти дайым эле кысымга алып келген .Бийлик кучтуу болуп элди ологондо мындай болбойт эле .Бийликтегилер оздорун гана л
ойлошот......
+2
aiza_84
2015-05-13 13:35:34
Бийликтегилер бир биринин ХХХ ХХХ ХХХ кыргызстанды тажик ,ХХХ ,кытай каптай турган болду
+3
admin_portal
2015-05-13 15:33:35
aiza_84 - 15 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен, коомдук этикага туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынат.
-4
vip13
2015-05-13 18:01:29
aiza_84, Барын мамлекетке жуктой берген туура эмес, ар бир кыргызда патриоттук сезим жашаш керек. Туштуктон тундукко, уй-жайын таштап кочуп келууну токтотуш керек.
-2
zarbaliktik
2015-05-13 22:22:59
vip13,Кенен чуйго батпай эмне мынча таарыйсын. Туштуктон келгендин баары эмгек кылып жатат. Сен да ошолордой эмгектен таарый бербей
-2
st1m_
2015-05-14 00:12:09
zarbaliktik, Элдин баары эле эмгек кылып жатат, антип тескериленбе тууган
0
vip13
2015-05-19 19:28:08
zarbaliktik, Сен менин оюмду туура эмес кабыл алып жатасын!!! Уй жайынарды таштабагыла деп жатам, сени чуйго келбегиле дебей элем!! Экинчиден чуй кенен болбой калган, жатакалса жол тушчу жерге уй салып алышкан. Жер тартыштыгын айынан сазга уй салып жатышат озбектерче!!!! А сен уй жайынды, кичи мекенинди таджик озбектерге берип салып чуйго кел!!!
+1
Jyrgal_msk
2015-05-13 22:28:43
vip13, Сен ошол жакка барып бир жыл жашап келсен билесин.
-1
vip13
2015-05-19 19:18:25
Jyrgal_msk, Мен торолуп оскон жеримен кетпейм!!
+1
Adilet2014
2015-05-13 15:00:07
Биздин мамлекет, биздин бийлик оз жерин оз мекеннин коргоого алы жетбей жатат!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан