Катуу жааган жамгырдан улам Талас районунун Арал айылында 71 турак үйдү суу каптады

Катуу жааган жамгырдан улам Талас районунун Арал айылында 71 турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-май күнү саат 17:30 чамасында аталган айылда катуу жамгыр жааган. Анын кесепетинен 71 турак үйдү суу каптап, 4 үй авариялык абалда деп табылган. Ошондой эле бир сарай кулап калган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан