Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында кутурмага шектелген уйдун башы текшерүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган айылдагы Акин Сакиев аттуу тургундун ую кутурма оорусуна шектелген. Мындан улам уйдун башы кесилип, кечээ, 12-май күнү Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертизациялоо борборуна жөнөтүлдү. Ал эми уйдун эти жана 4 иттин өлүгү ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык зыянсыздандырылып, 2 метр терендиктеги аңга көмүлдү.