Кемин районунун тургуну адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-май күнү Ак-Суу айылында 52 жаштагы Н.В. аттуу жаран 28 жаштагы баласы менен үйүндө отурган учурда сырттан эки аял кирип келип уруш чыгарышкан. Бир аздан соң эки аялдын биринин баласы келип, 52 жаштагы жаранды жана баласын бычак менен сайып качып кеткен. Анын кесепетинен үй ээси каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ш.В. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилди.