Ош шаардык милициясы атайын операция учурунда "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн кармашты. Муну бүгүн, 13-майда ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Кармалгандар: Ош шаарынын 1983-жылы туулган тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.А., 1989-жылы туулган Э.С. жана 1973-жылы туулган Ч.О. Булардан көп нускадагы экстремисттик маанайдагы китептер алынды. Аталган 3 жаран күнү бою шаардын борбордук мечитинин жанында турушуп, тургундарды экстремисттик иштерге үгүттөп келишкен. Э.С. мечиттин жанында муздак суусундук сатса, берки экөө мечитке жакын жердеги чакан цехте иштешкени айтылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.