Бүгүн, 13-майда Испаниянын Мадрид шаарында жергиликтүү "Реал" клубу өз үйүндө Италиянын "Ювентус" клубун кабыл алат. УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалындагы жооптук оюнда финалдык жолдомонун ээси аныкталат. "Реал" эки жыл катары менен аталган лиганын финалында ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турат. Ал эми 2003-жылы Чемпиондор Лигасынын финалына чыккан "Юве" 12 жылдан кийин кайрадан финалда ойноо аракетин көрөт.
“РЕАЛ” (Испания) – “ЮВЕНТУС” (Италия)
(алгачкы оюндагы жыйынтык: 1:2)
Мадрид шаары. “Сантьяго Бернабеу” стадиону
Калыс: Юнас Эрикссон (Швеция).
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
Кошумчалай кетсек, финалдык беттеш 6-июнда Берлин шаарында өтөт. Финалдык алгачкы жолдомону испаниялык клуб “Барселона” германиялык “Баварияны” утуу менен камсыздай алды.