Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда болгон адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя апрель айынын аягында болгон. Анда 38 жаштагы Ш.Ю. аттуу аялды белгисиз адамдар муунтуп өлтүрүп кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.И. жана 26 жаштагы Ш.А. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.