Чаткал районунда сел агызып кеткен 950 койдун 120сы тирүү табылды

Чаткал районунда сел агызып кеткен 950 койдун 120сы тирүү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чаткал районундагы бөлүм башчысы Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, сел райондун Кызыл-Токой айылынын тургуну Нурманбек Арзыматовдун 950 коюнан сырткары 5 бодо малын агызып кеткен. 

"Сел агызып кеткен койдун 120сы тирүү, дагы 120сынын өлүгү табылды. Тирүү табылган койлор жарым жан болгондуктан, аларды союп, этин элге таратып берди. Калган 710 кой менен бирге 5 бодо мал табылган жок. Ошондой эле Арзыматовдун үйү да жараксыз абалда калган. Учурда ыкчам топ түзүлүп, келтирилген чыгымды эсептеп жатат",- деди Сулайманов. 
Айта кетсек, сел 12-май күнү саат 21:00 чамасында катталган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Мэри
2015-05-13 18:01:01
950 кой көп, кыйын болгон экен, элдин малын алып багып жаткан го. Бирок "жакшы мал жанга аралжы" дейт, башкысы, адам өмүрүнө зыян келбептир, жамандык ошону менен чыгып кетсин...
+2
Patriot...kg
2015-05-13 19:00:48
Ай ай ай. Жаман иш болуптур. Эми ал малды ээлерине толөп бериши керек экен да.
0
Bilal2013
2015-05-13 20:36:19
Зекетин бербегенден... Аллахтын убадасы бар зекет бергендердин калган малын сактоону Аллах оз мойнуна алат. А зекет бербегендердикин болсо Аллах мойнуна албайт. Ар кандай кырсык болуп кыйроого учурайт. Койлордун ээси, калган 120 койлорунуздун зекетин берип аман алып калыныз...
0
jetinur90
2015-05-13 22:50:02
Балким зекет бербегендикидир,бирок Кызылтокойдо 5000мин койлуу бай бар,бирок элге кайрымдуу,жонокой,жакшы адам деп уктум эле...
+2
nurik2103
2015-05-13 23:27:18
Кайран койлор жаш кетти
0
ROUSE
2015-05-14 00:28:12
Байлыгы бир заматта суу менен акачн экен
0
sergo
2015-05-14 01:54:56
Озунун эле кою болсо эч нерсе эмес элдин коюн бакан эптеп бала чака бакан инсан болсо шору катты кантип толоп кутулат.
+1
sabyr1977
2015-05-14 10:50:32
sergo, элдики болгон жерде деле толобойт.жоготуп койсо толосо болот.бул кырсык.
0
azamat4ik
2015-05-14 04:00:43
оххоо жаман болуптургоо элдин койу болсо кантип толомок эле ал атайлап жок кылбадыда жакшы дагы адам омуруно залакасы тийбептир
0
asiret
2015-05-14 09:40:30
ӨКМ келтирилген чыгымды эсептеп эмне кыласыңар, баары бир ал байкушка эч кандай жардам бербейсиңер да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан