Бишкекте таксистти бычак менен сайып, акчасын алып кетишкен эки өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки өспүрүм бала таксиге отурушуп, белгиленген жерге жеткенде айдоочуга бычак сайып, акчасын алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 17 жаштагы эки бала кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.