Талас районунун Арал айылында кечээ, 12-майда саат 19:30да жүргөн селден улам тургундар үйлөрүнө кире албай калышты. Сел үйлөрдүн ичине киргенден тышкары короодо өскөн жер-жемиштерди агызып кетти. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына өзүн
Бегимай деп тааныштырган окурманыбыз билдирди.
Анын айтымында, селдин келип чыгуу себеби катуу жааган жамгырга байланыштуу. Жаандан кийин суу арыктарга батпай, үйлөрдү каптап кеткен. "Учурда айылдын жашоочулары кечкисин туугандарыныкына кетип жатышат. Көбү үй түндө кулап деп коркушууда",- дейт окурман.