14-майга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалдагы жооптук оюну орун алды. Анда Мадриддеги “Сантьяго Бернабеу” стадионунда испаниялык “Реал” клубу италиялык “Ювентусту” кабыл алып, 1:1 эсебинде тең ойношту.
1 апта мурун алгачкы оюнда 2:1 эсебинде утулуп калган мадриддиктер оюндун 23-мүнөтүндө эсеп катыштыгында алдыга чыгышты. Криштиану Роналду 11 метрлик айып соккусун дарбазага таамай багыттай алды. Ал эми коноктор эсепти 57-мүнөттө теңешти. “Ювентусту” финалга чыгарган голду мадриддик клубдун академиясында тарбияланган, кийин италиялык клубга өткөн Альваро Мората киргизди. Эки оюндагы жалпы гол катыштыгы (3:2 эсеби) "Ювенин" пайдасына чечилгендиктен, италиялыктар финалга жолдомо алышты.
Кошумчалай кетсек, 12 жылдан кийин кайрадан бул лиганын финалына чыккан “Ювентус” финалда испаниялык “Барселона” менен кез келет. Финал 6-июнда Германиянын Берлин шаарында өтөт.