Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жайлоого кеткен боюнча дайынсыз делип жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 9-майында аталган айылдын 1994-жылы туулган Султангазы Карпасов аттуу тургуну ат минип жайлоого кеткен. Бирок аты табылып, өзү дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, Күмүш-Так суусунан Султангазы Карпасовдун жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.