Талас районунун Арал айылында болгон селден улам 18,5 гектар айдоо жери жараксыз абалга келди

Талас районунун Арал айылында болгон селден улам 18,5 гектар айдоо жери жараксыз абалга келди. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айылда болгон селдин кесепетинен 5 турак жай авариялык абалга келген. Бир сарай кулап, 78 үйдү суу каптаган. Ошондой эле 6 гектар арпа, 2 гектар картошка, 7,5 гектар жаздык буудай, 3 гектар көп жылдык чөп жараксыз абалга келген.

Түшкөн чагылгандан 1 трансформатор жана 1 электр мамысы жабыркаган.

Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан