Бишкектеги жаңы конуштардын биринде экстремисттик маанайдагы материалдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, 1985-жылы туулган Т.А. жашаган турак үй текшерүүгө алынган. Анын негизинде экстремисттик материалдар табылган. Учурда бул факт боюнча теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.