Ошто 20 жаштагы балага бычак такап, акчасын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-май күнү милиция кызматкерлерине Р.Д. аттуу 20 жаштагы бала кайрылган. Анда ал Кулатов көчөсүндө жайгашкан “Оюн-зоок” клубунун ичинен белгисиз адам бычак такап коркутуп, акчасын алып койгонун айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары кримчөйрөдө Кытай деген ат менен таанымал 1984-жылкы К.У. кармалган. Ал К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.