Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы Ж.М. кайрылган. Анда ал 7-май күнү Ленин айылында белгисиз адам 5 коюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы И.Н. кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.