Араван районуна түшкөн чагылгандан бир адам жабыркады

Араван районуна түшкөн чагылгандан бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чагылган 14-майда саат 01:30 чамасында Нооруз айылынын жашоочусу Фаридохан Мойдинованын үйүнө түшкөн. Анын кесепетинен турак үйдүн 6 даана шифери, 1 сыналгы, 2 терезе, 1 электр эсептегичи, 1 сандык талкаланып, бөлмөнүн шыбы жараксыз абалга келген. Чагылган катуу болгондуктан, турак үйдүн бөлмөлөрүндө жаракалар пайда болуп, үй ээси Ф.Мойдинованын колуна жана бетине айнек сыныктары тийген. Ал райондук "Тез жардам" кызматына кайрылып, тийиштүү биринчи медициналык жардам алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazgul80
2015-05-14 16:39:01
Эгер туугандар болгон болсо буйумдарын озу сындырып алышы да мумкун . мамлекетке толотуп алам деп. Кудай сактасынго тооба дейин . Ошто согуш болгондо оздорунун уйун оздору орттогон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан