Ош аэропортунан жасалма паспорт менен Түркияга учууга камданып жаткан жаран кармалды

Бүгүн, 14-майда Ош аэропортунан жасалма паспорт менен Түркияга учууга камданып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары 1979-жылы туулган Х.Д. аттуу кыргыз мамлекетинин жаранынын документин текшерүү учурунда паспорт жасалма экендиги – паспорттун баракчалары тигилген жип бекитилген үлгүгө дал келбегендиги аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kyrgyzstan13
2015-05-14 16:01:57
Оке туугандардан окшойт э..
+1
jazgul80
2015-05-14 16:35:25
Туугандардан экен
0
Medina87
2015-05-14 16:36:02
Омурун тобокелчиликке салбай эле койбоптур ким болсо да.
0
kamchatka
2015-05-14 17:03:42
сирияга баратса керек эле жакшылап текшериш керек!
0
admin_portal
2015-05-15 11:43:10
hairullo, саламатсызбы!
SUPER.KG порталы кыргыз тилдүү болгонуна байланыштуу кыргыз тилинде ой-пикир жазууңузду сунуштайбыз.
0
hairullo
2015-05-15 21:23:10
admin_portal, Макул. Кыргызстандын бардык органдары сиздердей чектоо коюшканда, Кыргызстаныбыз тез эле онукмок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан