2015-жыл - “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомолордун басымдуу бөлүгү ойнотулуучу жыл. Кыргыз спортчуларынан биринчи болуп Юлия Архипова аталган Олимпиадага катышуу укугун берген жолдомону камсыздады. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда КРнын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов билдирди.
Анын айтымында, Ю.Архипова Чехиянын Прага шаарында жолдомо ойнотулган эл аралык марафон мелдешине катышкан. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 37 мүнөттө басып өтүп, 9-орунду камсыздаган. Бул көрсөткүч спортчунун катары менен 3-ирет Олимпиада оюндарына катышуусун шарттады. Ал буга чейин “Бээжин-2008” жана “Лондон-2012” Олимпиадаларына катышкан.