15-майга караган түнү УЕФАнын Европа Лигасынын жарым финалында жооптук оюндар болду. Жыйынтыгында финалда испаниялык “Севилья” менен украиналык “Днепр” ойномой болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдештин учурдагы чемпиону “Севилья” конокто италиялык “Фиорентина” футбол клубун 2:0 эсебинде утуп алды. Ал эми украиналык “Днепр” чемпиондукка башкы талапкерлердин бири италиялык “Наполини” мелдештен четтетти. Бул командалардын ортосундагы оюн 1:0 эсебинде аяктады.
Кошумчалай кетсек, алгачкы оюнда “Севилья” атаандашы “Фиорентинаны” 3:0 эсебинде утуп алган. Ал эми “Наполи” менен “Днепр” 1:1 эсебинде тең ойношкон. Мелдештин финалы 27-майда Польшанын Варшава шаарында өтөт.