Гүлчө дарыясынын деңгээли көбөйүп, Кызыл-Ой жана Упа-Жар айылдарындагы 11 үйдү суу каптап кетүү коркунучу бар

Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймагында 11-12-майда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Гүлчө дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ой жана Упа-Жар айылдарында дарыянын жээгиндеги 11 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу пайда болду. Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарын жеп жатат. Бул тууралуу 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

ӨКМнын каржылоосу менен 2013-2014-жылдары курулган дамбага кошумча улап, 70-100 метр дамба куруу боюнча чечим кабыл алынып, курулуш иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авариялык калыбына келтирүү иш планына кошумча киргизүү жагы сунушталды.

Коңур-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Ой, Упа-Жар айылдарындагы суу ташкыны алып жаткан тилкеге ыкчам чара көрүү үчүн Ленин айыл аймагынан 1 даана жүктөгүч жана 4 даана оор жүк ташуучу автоунаалар убактылуу тосмо курууга тартылып, 8 каттам кесилген тоо таштары ташылып келинди. Учурда 3 метр тосмо курулду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kumushai-kg
2015-05-15 11:06:32
Аллах озу сактасын! ар бир инсанды!
0
Ayka1994
2015-05-15 12:47:04
Кудай сактасында
0
Ayka1994
2015-05-15 12:47:32
Жерге тал айылыда ушул айылдарга жакынбы же алыспы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан