"Бишкек, мен сени сүйөм!" жана "На грани блефа" тасмаларынын режиссёру, 27 жаштагы Александр Цайга карата кылмыш иши козголуп, учурда ал №1-СИЗОдо отурат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Цай Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражатын айдаган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам жабырлануучунун өлүмүнө алып келиши же анын саламаттыгына оор зыян келтирүү) боюнча айыпталып, быйылкы жылдын 14-апрелинде кармалган. Ал эми 22-апрелде Бишкектеги Ленин райондук сотунун чечими менен белгисиз мөөнөткө чейин убактылуу кармоочу жайда кармалары белгиленген.
Айта кетсек, Александр Цайга карата арызды анын мурдагы досу жана жабырлануучу Чыңгыз Жумагазиев жазган. Ал айыпталуучудан келтирилген чыгымдарды жабуу үчүн 1 миллион сом талап кылууда. Жумагазиевдин арызына ылайык, 29-октябрда Цайдын мас абалында унаага отурганынын айынан жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Жумагазиев сол көзүнөн айрылган.
“Унаанын алдынкы айнеги сынып, менин көзүмө кирген, ал эми коопсуздук жаздыгы аны дагы баса киргизген. Учурда ал көздүн ордунда имплантат салынып, жалпы дарыланууга 40 миң АКШ доллары кетип, үй-бүлөм карызга белчесинен батты.
Мен Цайды дос катары көрүп, мага жардам берет деп ойлодум, бирок ал жана анын үй-бүлөсүнөн эч ким басып келген эмес. Александр паспортун алмаштырып, жоопкерчиликтен качууга аракет кылган”,- делет маалыматта.