Кемин районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кемин районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-май күнү Ак-Бекет айылында 23 жаштагы С.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 50 жаштагы И.В кармалды. Анын айтымында, окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичишип, андан соң экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Мындан улам кылмышка шектүү маркумду көркүрөк тушка бычак менен сайган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kumushai-kg
2015-05-15 12:13:04
Бир нерсе деш кыйын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан